Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 67
Большевик айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кенеши Большевик айылынын тургундарынын 2021-жылы салынып башталган турак жайлары жер мунапысына кирбей калгандыгы боюнча арызын жана элдик жыйындын протоколун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Элдик жыйындын чечими менен 2021-жылы Кадырбеков Бекназар, Суранова Дамира, Азимбай кызы Гүлнара турак жайларынын пайдубалын кургандыктары аныкталды. Ошондуктан комиссиянын кароосуна кайрадан сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |