Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 68
Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө өздүк салымды кароо жөнүндө
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.
2. Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 1 403 748 (бир миллион төрт жүз үч миң жети жүз кырк сегиз) сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 1 403 748 (бир миллион төрт жүз үч миң жети жүз кырк сегиз) сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |