Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 69
Большевик айылынын тургуну Дүйшеев Калыбайдын арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну К.Дүйшеевдин жеке турак жай салууга берилген 0,45 га жер тилкесинин 0,06 га аянтына нан жаап сатуу үчүн чакан иш кана куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы идентификациялык коду 5060110020510 сандуу К.Жуманазаров көчөсүнүн № 51А дарегинде жайгашкан Дүйшеев Калыбайга жеке турак жай салу үчүн берилген 0,45га жер тилкесинин 0,06 га аянтына, чакан иш кана куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин "Социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |