Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2025-жылдын 16-декабры № 71
Жергиликтүү бюджеттин транспорт жана жер салыктарына коюлган планды кыскартып ордун максаттуу грант менен толуктоо жөнүндө.
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин айыл чарба жерлеринин мүлк салыгы жана транспорт мүлк салыктарына 2030-жылдын 31-декабрына чейинки бошотуу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин жер салыгы 583 900 (беш жүз сексен үч миң тогуз жүз) сом жана транспорт каражатынын салыгы 980 200 (тогуз жүз сексен миң эки жүз) сомду түзгөн. Жалпы 1 564 100 ( бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң бир жүз) сом жергиликтүү бюджетинен кыскартылып, орду максаттуу грант менен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |