Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 30-декабры № 73
Аукцион аркылуу берилген жер тилкелеринин баасын төмөндөтүү боюнча жарандардын арыздарын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айыл аймагында 2024-жылы өткөн аукциондон жарандардын утуп алган жерлери боюнча жазган арыздарын карап, талкуулап чыгып Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл аймагындагы 2024-жылы аукциондун жыйынтыгы менен жер тилкесин утуп алган, бирок келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдү толук жүргүзбөгөн жарандардын жер тилкесин мындан кийин пайдалануусу аукциондун өзүнүн жобосуна ылайык каралсын.
2. Аукциондон утуп алып төлөмдөрүн аткарбаган жарандар иштетип жаткан жеринен баш тартса ошол жерлерди айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор жарандарга берүү жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси А.Жусупбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |