Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 30-декабры № 74
Милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Айыл аймакта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун карап чыгып Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Кара-Шоро айыл аймагына милиция пунктун куруу үчүн Мырза-Аке- Кара-Шоро авто жолунан Семиз-Көл айылына бурулган жерден болжолдуу аянты 0,02га болгон жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Берилген жерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү, тиешелүү төлөмдөрүн төлөө жагы Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |