Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 26-марты № 43

 

 

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

               

 

Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобону карап, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин.

2.Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы У.М Чымынтаевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

Кара-Шоро айылдык кенешинин

2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз V сессиясынын №43 токтомуна тиркеме

 

 

 

 

Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун

тартиби жөнүндө ЖОБО

 

1.     Жалпы түшүндүрмө

 

 1.1 Бул, Жобо Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.

1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.

Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.

1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.

1.4 “ Кара-Шоро айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин чечими менен берилет. Кара-Шоро айылдык кеңеши “ Кара-Шоро айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.

1.5 “ Кара-Шоро айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү

сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.

1.6 Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;

1.7 Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда эки жолу каралып 6 адамга гана ыйгарылат.

 

II. Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

 

2.1 Кара-Шоро айыл аймагына жана ага караштуу Большевик, Семиз-Көл, Ак-Жар, Какыр, Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;

2.2 Кара-Шоро айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;

- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;

- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;

- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;

- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;

- Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,

-Инвестициялык долбоорлорду тартып, Кара-Шоро айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга

        - Ушул аймакта туруктуу кеминде 5 жыл жашаган жарандарга берилет.

 

III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби

 

3.1 Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.

3.2 Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жалпы коомчулуктун алдында гана Кара-Шоро айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.

3.4 «Кара-Шоро айылынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.

3.5  «Кара-Шоро айылынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш чыкканда: айылдын, көчөнүн, кварталдын жыйындарында, мекемелердин сунушу боюнча жалпы чогулушка сөзсүз түрдө тиешелүү "Ардактуу атуулу” наамына талапкер болгон жараандын жашаган айылынын айыл башчысынын катышуусу жана протоколго комиссиянын мүчөсү катары протоколго же токтомго кол коюусу керек.

3.6  ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар (көчө жашоочулары квартал же айыл) жашоочулар жана коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:

•Талапкер боюнча ошол көчө квартал же айыл жашоочулары менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;

• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;

• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;

• паспортунун көчүрмөсү;

•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;

• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).

 Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:

  • эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;

  • өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;

  •“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;

  •өздүк баракчасы сүрөтү менен;

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;   

  • паспортунун көчүрмөсү.    

  

IV Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу

 

4.1 Кара-Шоро айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:

 Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;

 Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;

 Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.

Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Кара-Шоро айыл аймагынын, кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

 

 

 

 Кара-Шоро айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы: У.М.Чымынтаев