Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 46
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 4767 сандуу катын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаменти менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кадырбеков |