Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 24-июлу № 47
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айындагы бюджетинин аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджеттин аткарылышында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |