Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 24-июлу № 47а
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин алты айдын жыйынтыгы менен кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 6 айдын жыйынтыгы менен киреше салыгынан 700,0(жети жүз миң) сом кыскартылгандыктан, айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө каралган төмөндөгүлөрдү кыскартууга макулдук берилсин.
-турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн
3111 беренесинен -500,0миң сом кичи футбол
аянтчасына өздүк салымы үчүн
- турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн
3111 беренесинен - 200,0 миң сом көчмө мончо
куруу үчүн
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |