Редакцияот 24.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 24-июлу № 50

 

 

“№22 Мама Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын сыртын оңдоого каражат бөлүү жөнүндө”

        

 

Кара-Шоро айылдык кеңеши Ак-Жар айылындагы “№22 Мама Кулуев атындагы орто мектебинин директору Б.Ташматованын мектептин кошумча имаратынын сыртын шыбатууга каражат бөлүп берүү өтүнүчүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ак-Жар айылындагы “№22 Мама Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын сыртын шыбатууга, тогуз айдын жыйынтыгы менен каражатты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков