Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 24-июлу № 51
“Бусурманкулов Кубандын арызын кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну Бусурманкулов Кубанга жеке турак жай салууга берилген 0,14 га жер тилкесинин ичинен, 0,07 га жер аянтына дүкөн куруп, курулуш материалдарын жана азык-түлүк сатуу сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы идентификациялык коду 5060110020511 К.Жуманазаров көчөсүнүн № 53 дарегинде жайгашкан Бусурманкулов Кубан Дастановичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,14 га жер тилкесинин ичинен, 0,07 га жер аянтынын багытын дүкөн куруп курулуш материалдарын жана азык-түлүк сатууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |