Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 24-июлу № 52
“Какыр айылында суу түтүктөрүн алмаштырууга жана Э.Атакулов атындагы орто мектепке адамдын жүзүн тааный турган камера сатып алып орнотууга каражат бөлүү жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Жергиликтүү бюджеттин транспорт салыгынын оордун толтуруу үчүн Финансы Министрлигинен күтүлүп жаткан 750 (жети жүз элүү миң) сом акча каражаты келип түшкөн учурда 650 (алты жүз элүү миң) сом суу түтүктөрүн алмаштырууга, 100 (бир жүз) мин сом Э.Атакулов атындагы орто мектебине адамдын жүзүн тааный турган камера орнотууга пайдаланууга макулдук берүү боюнча төрага З.Кадырбековтун сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү бюджеттин транспорт салыгынын оордун толтуруу үчүн Финансы Министрлигинен күтүлүп жаткан 750 (жети жүз элүү миң) сом акча каражаты келип түшкөн учурда 650 (алты жүз элүү миң) сом суу түтүктөрүн алмаштырууга,100 (бир жүз миң) сом Э.Атакулов орто мектебине адамдын жүзүн тааный турган камера орнотууга пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |