Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 24-июлу № 53
Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылына арка куруу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Семиз-Көл айылынын айыл башчысы Алымканов Турсунбектин Ак-Тилек айылынан Семиз-Көл айылына кетүүчү жолго кире беришине айылга баруучу багыт көрсөтүүгө арка куруу сунушун угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдын кире беришинде айылдын аталышын жана тарыхын даңазалоо, айылдын көркүн жана кооздугун арттыруу максатында, Мырза-Аке-Кара-Шоро авто жолунун жетинчи чакырымындагы Ак-Тилек айылындагы негизги жолдун кесилишинен Семиз-Көл айылына багыт көрсөтүү үчүн арка курулушуна макулдук берилсин.
2. Арканын долбоорун, сметалык баасын жана курулуш иштерин жүргүзүү айыл башчысына жана эл өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
3. Каржылоо булагы айыл элинин жергиликтүү фондунан каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |