Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 35
Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга жана калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын “Жылалды” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу, калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгаруунун тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү ишкананын жетекчиси А. Пирматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Жылалды” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого жана калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга болгон чыгымдарынын тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
-ичүүчү таза сууга бир айга, эсептегич коюулганга чейин убактылуу, бир кожолукка 150 (бир жүз элүү) сом;
-суу эсептегичинин негизинде 1 м3 ичүүчү таза суу үчүн 30 сом; -калкттуу конуштардагы каттуу таштандыларды таштып чыгарууга бир айга, кожолукка 100 (бир жүз) сом;
2. Токтомду аткарууга жетекчиликке алуу жагы “Жылалды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Пирматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |