Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 37
Борубаева Асел Машраповнанын жеке менчигиндеги турак жайынын пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Борубаева Асел Машраповнанын жеке менчигиндеги турак жайынын ичинен, 1600 м2 жер тилкесин, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 1201792, 2023-жылдын 23- майында түзүлгөн, пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө жазган арызын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Борубаева Асел Машраповнанын Ана-Кызыл айылындагы жеке менчигиндеги турак жайынын ичинен, 1600 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын, элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |