Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 38
Аскарбаев Нурманбет Улукбековичтин 0,10 га жерди көрктөндүрүү үчүн ижарага алуу үчүн жазган арызы жөнүндө
Аскарбаев Нурманбет Улукбековичтин Макаренко айылындагы “Кер таш” участкасындагы 0,10 га жер тилкесин көрктөндүрүү үчүн ижарага алуу үчүн жазган арызын жазган арызын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аскарбаев Нурманбет Улукбековичтин Макаренко айылындагы “Кер таш” участкасынан 0,10 га жер тилкесин көрктөндүрүү үчүн берүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |