Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 39
Электр мамычаларын, электр чубалгыларын сатып алуу үчүн долбоорго катышууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарын сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр мамычаларын, электр чубалгыларын сатып алуу үчүн долбоорго катышууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алуу боюнча электр мамычаларын, электр чубалгыларын сатып үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнө долбоорго катышууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |