Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 40
Жылалды айылынын “Чангет” участкасындагы ичүүчү таза суу кампасынын жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарын сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн, Жылалды айылынын “Чангет” участкасында иштеп жаткан ичүүчү таза суу кампасынын жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу боюнча башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жылалды айылынын “Чангет” участкасындагы ичүүчү таза суу кампасынын 7500 м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |