Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 41
Шоро-Башат айылынын “Чалдыбар участкасындагы жаңы конушка көмөкчү чордон куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын “Чалдыбар участкасындагы жаңы конушка көмөкчү чордон куруу үчүн жер тилкесине токтом чыгарып берүү жөнүндөгү Шоро-Башат айылынын айыл башчысы Ж. Эсенбаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шоро-Башат айылынын “Чалдыбар участкасындагы башкы пландын № 5 кварталынын экспликациясынын № 2 позициясында көмөкчү чордондун орду болуп көрсөтүлгөн жерден көмөкчү чордон (ТП) куруу үчүн 20 м2 жер тилкеси ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Көмөкчү чордон куруу үчүн бөлүнүп жаткан 20 м2 жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарды даядоо жагы башкы адис Д. Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |