Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 42
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары мекмелерине Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдын 2 кварталына ар кандай чарба буюмдарын сатып алууга 1278000 (бир миллион эки жүз жетимиш сегиз миң) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы А. Жолдошовдун сунушун карап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдын 2 кварталына ар кандай чарба буюмдарын сатып алууга 1278000 (бир миллион эки жүз жетимиш сегиз миң) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Төрт-Көл айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары мекмелери үчүн бекитилип берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |