Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 43
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары мекмелерине Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдын 3-4 кварталына тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 7950900 (жети миллион тогуз жүз элүү миң тогуз жүз) сом жана ар кандай чарба буюмдарын сатып алууга 1278000 (бир миллион эки жүз жетимиш сегиз миң) акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы А. Жолдошовдун сунушун карап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2025-жылдын 3-4 кварталына тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 7950900 (жети миллион тогуз жүз элүү миң тогуз жүз) сом жана ар кандай чарба буюмдарын сатып алууга 1278000 (бир миллион эки жүз жетимиш сегиз миң), жалпысынан 9228900 (тогуз миллион эки жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Төрт-Көл айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары мекмелери үчүн бекитилип берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |