Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 46
Жылалды айыл өкмөтү тарабынан берилген токтомду күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш каты жөнүндө
“Улуу Жибек Жолу” дүң базарынын курулушунун жер тилкесине Токтоболотова Салимага Жылалды айыл өкмөтү тарабынан берилген токтомдорду күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын сунуш катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Токтоболотова Салиманын атына берилген Жылалды айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 12 токтомун, күчүн жоготту деп табууга макулдук берилет.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго, аталган токтомду күчүн жоготту деп табуу боюнча иш аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |