Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 47
Макаренко айылынын тургуну Акпышаров Уланбек Токтосуновичтин турак жай куруу үчүн берилген менчигиндеги 1120,0 м2 жер тилкесинин ичинен тартуулап берген 16 м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Макаренко айылынын тургуну Акпышаров Уланбек Токтосунович турак жай куруу үчүн алган менчигиндеги 1120,0 м2 жер тилкесинин ичинен, (жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1004-0548) 16 м2 жер жер тилкесин, жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Өзгөн филиалынын регистратору И. Мавлянов тарабынан 2025-жылын 14-апрелинде түзүлгөн тартуулоо келишиминин негизинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тартуулап бергендигине ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылынын тургуну Акпышаров Уланбек Токтосуновичтин турак жай куруу үчүн алган менчигиндеги 1120,0 м2 жер тилкесинин ичинен, (жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1004-0548) 16 м2 жер жер тилкеси мөөнөтсүз пайдалануу үчүн Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |