Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 48
“Береке Базар” муниципалдык ишканасынын жерге жана мүлккө болгон ижара акысын бекитүү жөнүндө
“Береке Базар” муниципалдык ишканасынын директору А. Ахмедовдун жерге жана мүлккө болгон ижара акысын бекитүү жөнүндө берген билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Береке Базар” муниципалдык ишканасынын жерге жана мүлккө болгон ижара акысы 2025-жыл үчүн, 1 (бир) жылга, ай сайын төмөндөгүчө эсеп менен бекитилсин:
1 | Жер тилкеси | 1 м2 | 10-20 сом |
2 | Орундук (контейнер) | 10 тн | 500 сом |
3 | Орундук (контейнер) | 20 тн | 700 сом |
4 | Орундук (контейнер) | 40 тн | 1400 сом |
2. “Береке Базар” муниципалдык ишканасынын директору А. Ахмедовго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |