Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 49
Логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Башкы адис Д. Сулаймановдун логистикалык борбор куруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги 01-8-821 сандуу маалыматына ылайык, Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Логистикалык борбор куруу үчүн, Төрт-Көл айыл аймагындагы № 677 контурундагы кой ферма (ОФ), жалпы аянты 0,48 гектар жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |