Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 51
Шамурзаева Оминанын жеке менчигиндеги турак жайынын 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Шамурзаева Оминанын жеке менчигинде турган турак жайынын ээлеген 800 м2 жер тилкесинин ичинен, 200 м2 жер тилкесине, (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 664021, 2016-жылдын 13- июнунда түзүлгөн, идентификациялык коду 5-06-17-1002-0046) дүкөн куруп иштетүү үчүн, пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө жазган арызы боюнча Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечими жөнүндө, анын төрагасы Б. Убукеевдин маалыматын угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шамурзаева Оминанын Ана-Кызыл айылындагы жеке менчигинде турган турак жайынын ээлеген 800 м2 жер тилкесинин ичинен, 200 м2 жер тилкесине, дүкөн куруп иштетүү үчүн, пайдалануу багытын кызмат көрсөтүү, элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |