Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 54
Макаренко айылынын тургуну Бердикул уулу Мирландын менчигиндеги турак жай үчүн 400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Макаренко айылынын тургуну Бердикул уулу Мирландын Макаренко айылынын Жоробаев Паиз көчөсүндөгү № 3 үйдө жайгашкан менчигиндеги турак жайынын 600 м2 жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-06-1004-0521, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 1064453, 2022-жылдын 1-февралында түзүлгөн, пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары З. Оморбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылынын тургуну Бердикул уулу Мирландын Макаренко айылынын Жоробаев Паиз көчөсүндөгү № 3 үйдө жайгашкан менчигиндеги турак жайынын 600 м2 жер тилкесинин ичинен, 400 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын, элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дарядап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |