Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 55
Шоро-Башат айылынын тургуну Сарыкбаев Кубанычбек Капаровичтин менчигиндеги жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Сарыкбаев Кубанычбек Капаровичтин Шоро-Башат айылында жайгашкан менчигиндеги жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-17-1001-1048, пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары З. Оморбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Сарыкбаев Кубанычбек Капаровичтин Шоро-Башат айылында жайгашкан менчигиндеги жер тилкесинин, жерге жайгаштыруу делосу идентификациялык коду 5-06-17-1001-1048, пайдалануу багытын кызмат көрсөтүү, мончо куруу үчүн пайдалануу багытын өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дарядап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |