Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 56
Красный-Маяк айылынын тургуну Сыдыков Шахобжан Созоновичтин менчигиндеги жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча берген арызы жөнүндө
Сыдыков Шахобжан Созоновичтин Красный-Маяк айылында жайгашкан менчигиндеги жер тилкесинин, мамлекеттик акт серия Ч, № 1360866, пайдалануу багытын медресе курууга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү, айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары З. Оморбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сыдыков Шахобжан Созоновичтин Красный-Маяк айылында жайгашкан менчигиндеги 900 м2 жер тилкесинин, мамлекеттик акт серия Ч, № 1360866, пайдалануу багытын медресе курууга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дарядап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынын тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |