Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 62
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/1082 сандуу буйругу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/1082 сандуу буйругу жөнүндө, регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Болотовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы камсыздалсын.
2. Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |