Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 64
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн балансында турган эксковаторду ижарага берүү келишимин түзүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн балансында турган HYUDAI ROBEX HW 145 үлгүсүндөгү эксковаторду ижарага берүү келишимин түзүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун кайрылуусун карап, регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Болотовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн балансында турган HYUDAI ROBEX HW 145 үлгүсүндөгү эксковатор 2 (эки) айга 983400 (тогуз жүз сексен үч миң төрт жүз) сомго “Жагалмай” Жоопкерчилиги чектелген коому менен ижара келишимин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |