Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 65
Яма-Беккари куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын Ак-Коо участкасына Яма-Беккари куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ветеринардык адис Абдилазиз уулу Майсалбектин билдирүүсүн карап Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ана-Кызыл айылынын Ак-Коо участкасындагы № 1049 контурдагы кысыр аңыздан 0,02 га жер тилкесине Яма-Беккари курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Абдилазиз уулу Майсалбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |