Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 66
А. Өмүрзаков атындагы № 57 орто мектебинин балансында турган Беларус МТЗ-80 тракторун мүлк катары эсептен чыгаруу жөнүндө
А. Өмүрзаков атындагы № 57 орто мектебинин директору Н. Абакированын мектебинин балансында турган Беларус МТЗ-80 тракторун мүлк катары эсептен чыгаруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А. Өмүрзаков атындагы № 57 орто мектебинин мектебинин балансында турган Беларус МТЗ-80 тракторун мүлк катары эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Беларус МТЗ-80 тракторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча мүлк катары эсептен чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |