Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 67
Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин жеке менчик үй куруу үчүн алган тилкесинин аймагынан 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин үй куруу үчүн алган 800 м2 жер тилкесинин аймагынан (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 896055, 2020-жылдын 29-январында түзүлгөн, идентификациялык коду 5-06-17-1001-0916) пайдалануу багытын элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө жазган арызы боюнча Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечими жөнүндө, анын төрагасы З. Оморбековдун корутундусун талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сулайманов Асатилла Арапбаевичтин Шоро-Башат айылындагы А. Аскаров көчөсүндөгү үй куруу үчүн алган 800 м2 жер тилкесинин аймагынан (жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы сериясы Ч № 896055, 2020-жылдын 29-январында түзүлгөн, идентификациялык коду 5-06-17-1001-0916) 200 м2 жер тилкесинин пайдалануу багытын дүкөн куруп элди тейлөө багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |