Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 26-сентябры № 69
Административдик доо арыз берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-февралындагы кабыл алынган № 11 токтомунда Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгын т. а. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасы “муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программа” Төрт-Көл айыл өкмөтү бекитилген эместигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5- пунктчасы “Муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу кызыкчылыктар бузулгандыгын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-февралындагы кабыл алынган №11 токтомун жокко чыгаруу үчүн Ош облустук Административдик сотуна доо арыз берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укуугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |