Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 26-сентябры № 70
Шоро-Башат айылындагы китепканага имарат берүү жөнүндө
Шоро-Башат айылындагы П. Сатыбалдиев атындагы № 6 китепкана айылдык клубдун имаратында жайгашып, окурмандар, окуу китептери үчүн шарттардын жоктугуна байланыштуу, китепкананы башка имаратка которуу жөнүндөгү, социялдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Сатывалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. П. Сатыбалдиев атындагы № 6 китепканага Шоро-Башат айылында А. Акматов көчөсүндө Төрт-Көл айылдык кеңеши башта иштеп келген имарат берилсин.
2. Китепкананын жайгашкан жери, дарегинин өзгөрткөндүгүнө байланыштуу иш кагаздарды даярдап берүү жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин социалдык маселелер, дин иштери, гендер жана жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |