Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 73
Макаренко айылындагы Б. Суранчиев көчөсүндө жайгашкан мечитти муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Макаренко айылындагы Б. Суранчиев көчөсүндө жайгашкан мечитти муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Б. Убукеевдин сунушун карап жана талкуулап жана Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 01-5/2497 маалым катына ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылындагы Б. Суранчиев көчөсүндө, № 595 контурда 0,10 га жер тилкесинде жайгашкан мечитти муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |