Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Жөнгө салуучу өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жактардан көз карандысыз болуп саналат.
5. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын казыналык системасында жана банк-агенттеринде алыш-бериш, учурдагы жана башка эсептери бар.
6. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
7. Ушул Жобо Агенттиктин уюштуруу-укуктук статусун, анын максатын жана милдеттерин, функцияларын жана укуктарын, ошондой эле Агенттиктин ишин уюштурууну аныктайт.
2. Агенттиктин ишинин максаты
8. Агенттиктин негизги максаты болуп санариптик технологиялык системаларды же санариптик чөйрөдөгү башка каражаттарды пайдаланууга карабастан жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын камсыз кылуу жана коргоо саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жазмалардын ээлери жана маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча талаптарды иштеп чыгуучулар тарабынан сактоого карата тармактык көзөмөлдөө (контролдоо) жүргүзүү;
2) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо;
3) Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоо менен байланышкан кырдаал жөнүндө коомчулукка маалымат берүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.
4. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функциясын жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын ишке ашыруу жана коргоо, анын ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууда коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин камсыздоо;
- жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, жеке маалыматтарды коопсуз иштеп чыгууну камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун, тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү нускамаларды, ошондой эле жеке маалыматтар жаатындагы ишти жөнгө салуу боюнча техникалык актыларды иштеп чыгуу;
- коопсуздук чараларына ылайык келген жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча колдонмолорду жана сунуштамаларды жарыялоо;
- иштеп чыгуучунун жазмалардын ээси менен келишиминин жана ага ылайык иштеп чыгуучу ишке тартылган укуктук актынын типтүү (сунушталган) формаларын иштеп чыгуу жана өзүнүн сайтында жарыялоо;
2) жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууну камсыздоо жана жеке маалыматтар чөйрөсүндө анын колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү;
- жеке маалыматтардын, анын ичинде балдардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тийиштүү тобокелдиктер, ченемдер, кепилдиктер жана укуктар тууралуу жеке маалыматтар субъекттеринин кабардар болуусун жогорулатуу;
- жазмалардын ээлери жана иштеп чыгуучулар тарабынан жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусун текшерүү жана текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгаруу;
- мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жеке маалыматтарды иштеп чыгууга тиешелүү мыйзамдык жана административдик чаралар боюнча консультация берүү;
- жеке маалыматтардын ээлеринин жана иштеп чыгуучулардын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алардын милдеттенмелери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү талаптардын сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жеке же юридикалык жактарды аккредитациялоо;
- жеке маалыматтар субъекттерине алардын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча маалымдоо, анын ичинде эгерде, бул максаттарда башка мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары менен кызматташууну талап кылса;
- жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуу учурунда даттанууларды кароо жана текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде өз демилгеси боюнча жана башка көзөмөлдөө органынан же башка мамлекеттик органдан алынган маалыматтын негизинде. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун принциптерин жана эрежелерин, укуктарды жана милдеттерди бузуу фактылары боюнча алдын алуу, түзөтүү жана мажбурлоо чараларын колдонуу;
- санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелерин кошо алганда, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатында чыр-чатактарды методикалык жөнгө салуу жана чечүү;
- жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууну тармактык көзөмөлдөө (мониторинг жүргүзүү) жана санариптик туруктуулукту камсыздоо үчүн тармактык принциптерди жана стандарттарды иштеп чыгуу/жайылтуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин санариптик укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жана коргоо;
- санариптик жазмаларды кармоочулардын маалыматтык системаларынын жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзүү (таасир этүүсүн баалоо);
- жазмалардын ээлеринин санариптик технологиялык системаларына экспертиза жүргүзүү;
- жеке маалыматтарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин, ошондой эле маалыматтарды коргоого таасир этүүсүн баалоо талап кылынбаган иштеп чыгуу боюнча операциялардын тизмегин аныктоо;
- келип түшүүсүнө жараша маалыматтар киргизилүүчү жазмалардын ээлеринин реестрин жүргүзүү жана иши менен териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн сайтында жарыялоо;
- чет өлкөлүк мамлекеттердеги ушуга окшош органдар менен кызматташуу;
- жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын адекваттуу коргоону камсыз кылуучу чет мамлекеттердин тизмегин бекитүү жана өзүнүн сайтында жарыялоо;
- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо каражаттарын сертификаттоону макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды коргоо каражаттарын сертификаттоо системасына катышуу.