Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 30-январы №1/1
“Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетине ɵзгɵртүү жана толуктоолорду киргизүү менен 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жɵнүндɵ”
Отуз-Адыр айыл аймагынын 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүгү жɵнүндɵгү маселелерди карап, Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл ɵкмɵтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, айтылган ой пикирлерди, сунуштарды эске алуу менен ”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3-главасынын 13-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга карата каралган бюджетинин киреше-чыгаша бɵлүктɵрү 92176,4 миң сом анын ичинен 14142,6 миң сом атайын каражат, ата-энелер взносунун эсебинен алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Башкаруу аппаратына 14 штат бирдиги, 5 штат топ, контрактык негизинде 21 штат, от жагуучуга эмгек акы фондунун эсебинен тɵлɵнүп берилсин, ал эми айылдык кеңешинин төрагасына 1 штат, айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1 штат, айылдык кеӊештин кагаз иштерин алпаруучусу 1 штат, китепканага 4 штат, маданият мүдүрү 1 штат, массалык-маданият иштери боюнча 1 штат, күзɵтчү 1 штат, тазалоочу 1 штат бекитилсин.
3. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин чыгаша бɵлүгү сметанын негизинде 2026-жылы түшкɵн кирешелердин чегинде,чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы фонду, соц.фонд, дары-дармек, тамак-аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылансын.
4. Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык чыгышталсын, анын ичинде; биринчи кезекте ɵткɵн жылда каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга, айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылда аткаруусу зарыл болгон жумуштарды каржылоого жумшалсын.
5. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бɵлүгү 92176,4 миң сомго, ал эми чыгаша бɵлүгү 89436,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2026-жылга 81107,0 сомго анын ичинен 23472,0 миң сом атайын каражат, 2027-жылга 82040,9миң сомго белгиленсин.
7. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча 2588,474 (эки миллион беш жүз сексен сегиз миң төрт жүзжетимиш төрт) сом, атайын каражат 150,358 (жүз элүү миң үч жүз элүү сегиз) сом жана 1000 миң сом бош калдык акча каражаттарын бөлүштүрүүгө макулдук берилсин.
8. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн
9. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |