Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 30-январы №1/2
Отуз-Адыр айыл аймагындагы жайыт жерлерге орнотулган ООО “Скай Мобайл” жана ЗАО “Альфа Телеком” ишканасынын антенналарынын ижара акысын көтөрүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүүлөрдүн, күйүүчү майдын баасынын жаана инфляциянын өсүшүнө байланыштуу ишкананын ишмердүүлүгүн кармап туруу максатында жайыт жерлеринде орнотулган ООО “Скай Мобайл” жана ЗАО “Альфа Телеком” ишканалардын антенналарынын ижара акысын көтөрүү жөнүндө маселени айылдык кеңшетин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы жайыт жерлерге орнотулган ООО “Скай Мобайл” жана ЗАО “Альфа Телеком” ишканасынын антенналарынын ижара акысын 10 000 (он миң) сомго көтөрүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.(Э.Эшиев).
3.Ушул токтом Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |