Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 30-январы №1/4
Отуз-Адыр айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү таза суу жөнүндө” мыйзамынын “Калкты ичүүчү таза суу менен жабдуудагы экономикалык механизми” IV бөлүмүнүн 20-21-22 беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын 10 айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашып жаткан долбоордун алкагында ар бир ичүүчү суу пайдалануучу абоненттердин суу эсептегичтер үчүн 30% өздүк салымын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин карап чыгып, талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын 10 айылынын калкын ичүүчү таза суу пайдалануучу абоненттерге суу эсептегичтери үчүн 30% өздүк салымын 2300 (эки миң үч жүз) сом өлчөмүндө бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |