Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 30-январы №1/5
Отуз-Адыр айыл аймагынын Присавай айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34 беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “ Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген тартипте ылайык жана Присавай айылынын тургундарынын суроо-талабы 2025-жылдын 23-сентябрындагы айылдын жыйынынын протоколун Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы кезектеги отурумунда карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негиздеринде жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын учурдагы аталышы “Присавай” расмий тилде аталып келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык “Биримдик” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан Отуз-Адыр айыл аймагынын учурдагы аталышы “Присавай” болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык “Биримдик” деп өзгөртүү жагы суралсын.
3. Тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, административдик иштер жана мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |