Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2026-жылдын 30-январы №1/7
Отуз-Адыр айыл аймагындагы айыл макамы жок калктуу конуштарга айыл макамын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшү жөнүндө Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административтик аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Административтик-аймактык түзүлуш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо бойунча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө жобого ылайык жана калктуу конуштардын тургундарынын суроо-талабы, тургундардын жыйынынын протоколун Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы кезектеги отурумунда карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негиздеринде жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү Отуз-Адыр айыл аймагындагы айыл макамы жок калктуу конуштарга айыл макамын алууга макулдук берилсин жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан тиешелүү жактардан аталган калктуу конуштарга айыл макамдарын алып берүү жагы суралсын.:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Зымырык калктуу конушуна “Зымырык” айылы макамы.
2. Отуз-адыр айыл аймагынын Беш-Кепе калктуу конушуна “Беш-Кепе” айылы макамы.
3. Отуз-Адыр айыл аймагынын Кожом-Бак калктуу конушуна “Кожом-Бак” айылы макамы.
4. Отуз-Адыр айыл аймагынын Келечек калктуу конушуна “Келечек” айылы макамы.
5. Отуз-Адыр айыл аймагынын Орто-Сай калктуу конушуна “Орто-Сай” айылы макамы.
6. Отуз-Адыр айыл аймагынын Тойчулук калктуу конушуна “Тойчулук” айылы макамы.
2. Тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, административдик иштер жана мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Д. Атанов |