Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/1
Манас айыл аймагындагы 1,56 га сугат айдоо жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директору С.Т.Ахмедовтун суранычы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-июлундагы корутундусу, Манас айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жана Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы протоколу Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кеңири ой пикирлер менен талкууланып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айыл аймагындагы 1,97 га сугат айдоо багытындагы жер аянтын “айыл чарба” багытындагы жерлер котегориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына “Кыргызстан аэропорттору” ААКнун Ош филиалынын аянтын кеңейтүү максатында багытын которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Манас айыл өкмөтүнүн башчысы
А.А. Рустамовго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |