Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/4
Манас айыл өкмөтүнө кызматтык “Шевроле Треккер” унаасын “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 633-т Тескемесинин, Манас айыл өкмөтүнүн сунуш катынын негизинде Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдөө максатында “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан “Шевроле Треккер” унаасынын лизинг келишими аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2.ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКменен келишим түзүү жана лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жакынкы 5 жылга жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |