Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/5
“Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмүн кароо жана бекитүү жөнүндө”
Манас айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагындагы таштандыларды чыгаруу үчүн, жыйындын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI бөлүмүнүн бюджеттер аралык мамилелер принциптеринин 48-беренесинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин 9-пунктуна ылайык жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-декабрындагы №025-04-3-12920 сандуу катынын негизинде, калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындардын өлчөмү боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн жана 2024-жылдын 26-августундагы Финансы, бюджет жана экономика, өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун негизинде кеңири ой пикирлерди угуп жана талкуулап Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмү ишканалардын түрүнө карабастан ар бир жумушчу үчүн 1 жылга 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Манас айыл өкмөтүн киреше бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, бюджет жана экономика, өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |