Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/6
Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылындагы үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылынын Р.Халбаев көчөсүнүн №64 үйүндө, үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рохила Кадыровна жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын Р.Халбаев №64 үйүндө, үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
2.Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3.Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Замандаш” балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рохила Кадыровнага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |