Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/7
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылындагы үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 даярдоо тайпасын ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылынын Ш.Нурматов көчөсүнүн №27 үйүндө, үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Гадаева Муборак Дильмуратовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 даярдоо тайпасын ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылынын Ш.Нурматов №27 үйүндө, үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 даярдоо тайпасын ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 даярдоо тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Күн желеси” балдар бакчасынын жетекчиси Гадаева Мубаракхон Дильмуратовнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |