Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
9-сессиясы
2025-жылдын 15-июлу, № 9/8
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылындагы үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 орто тайпасын ачуу жөнүндө
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылынын Бабур көчөсүнүн №49 үйундө, үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылынын Бабур көчөсүндөгү №49 үйүндө, үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Бахрамжан ата” балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |